№85 Жалпы билим берүү орто мектебинин 2017-2022-жылдар үчүн негизги усулдук темасы:
“Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен инсандыкка тарбиялоо аркылуу кесипке багыт берүү”
Усулдук иш
Усулдук иш – мугалимдердин ѳзүнүн илимий-теоретикалык, усулдук даярдыгын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча систематикалуу жана ѳз алдынча ишмердүүлүгү жана педагогдордун кесиптик чеберчилигин бардык жактан жогорулатууга багытталган усулдук иш-чаралардын системасы болуп эсептелинет.
“Билим кени-китеп, тарбия кени-мектеп”
Биздин №85 ЖББОМде табигый жана так илимдер бирикмесинде декада болуп жаткандыктан физика жана информатика сабагынан бирдиктүү түрдө 8 класстардын ортосунда “Акыл таймаш” Интеллектуалдык марафон оюну болуп өттү.Таанып билүүнүн алгачкы элементи бул-кызыгуу.Окуучуларды физика, информатика сабагына кызыктыруусунун натыйжалуу жолу болуп стандарттык эмес сабак эсептелет.Мындай сабактарды өтүүдө, окуучулардын өз алдынчалуугун, ойлоо жөндөмдүүлүгүн,сабактын эффективдүүлүгүн физика, информатика сабагы боюнча билим сапатын жогорулатууга жардам берет.Мында оюн 3 тур менен өттү.
1-тур: 4 сүрөт 1 сөз
2-тур: Предметтик суроолор (физика, информатика)
3- тур: Логикалык суроолор
Бул таймаштын жыйынтыгында:
1-орун 8-В класс “Еврика” командасы
2-орун 8-А класс “МИФ” командасы
3-орун 8-Б класс “Архимед” командасы
Табигый жана так илимдер бирикмесинин декадасынын жабылышында катышкан командаларга жетишкен орундары боюнча громаталар тапшырылат.