№85 ЖОББМ №85 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Ата-энелер үчүн маалымат

1-класстын ата-энелери үчүн психологдун сунуштары

      Окуу жылынын башталышы балдар үчүн окуу, жаңы тааныштар, жаңы сезимдер гана эмес, ал жаңы физикалык,ой-жүгүртүү жана эмоциялык чыңалуулар. Мындай жаңы чөйрөгө көнүү үчүн балага убакыт керектелет. Адистердин айтуусунда 1-класстын окуучусу үчүн мектепке адаптация болуу 2 айдан жарым жылга чейин узарат. Адаптация болуу бул узун жана индивидуалдуу процесс, жана баланын:

-инсандык өзгөчөлүгүнө,

-окууга даярдыгына (психологиялык жана физикалык)

-балдар бакчасында болгонуна, башка балдар арасында өзүн алып жүрүүсүнө көз каранды

Баланын ийгиликтүү адаптация болуусу: кубанычтуу, классташтарынын арасынан өзүнө дос таап алуусу, кыйналуусуз,чыңалуусуз, үй тапшырмасын аткарат, мектеп эрежелерин бат үйрөнүп, туура аткарат, жаңы режимге кыйналбай өтүүсү (эртең менен ыйлабай турат,уйкусу канат, кечинде эрте жатат ж.б.), мугалимдин айтканын туура кабыл алат. Окуучулардан жана мугалимден коркпойт.

Дезадаптация көрүнүшү; чарчап, кечинде уктагысы келбейт,эртең менен турганда кыйналат. Классташтарына жана мугалимге дайыма таарынат жана карама-каршылыкты көрсөтөт.

1-класска жаңы келген баланын көбүнчө ата-энелер жаңы жашоосунун кыйынчылыгын күчөтөт:

-жаңы ийримдерге катыштырат,

“Сен эми чоңсуң” –деп үй жумуштарын көбөйтүшөт.

  • Үй-бүлө баланын ийгилигине жетишүүсүнө болгон ишеними баланын өзүнө ишенүүсүн жогорулатууга чоң жардам берет. “Мен сага ишенем”, “Сен баарын туура аткара аласың”, деген кайрылууларды балага көбүрөөк айтуу керек.
  • Мектеп жөнүндө балага негативдүү сөздөрдү “Мектепке барганда көрөсүң кыйыныңды”, “Мугалимдер сага көрсөтөт” –деген сөздөр, мектеп жөнүндөгү кичинекей туура эмес сөз дагы өтө чоң туура эмес таасирин тийгизет.
  • Ата-эненин сүйүүсүн бала ар дайым сезип туруусу зарыл. Кучактоо,сылоо,жылмаюу,жагымдуу көз караш,жагымдуу сөз: “Сенин бар болгонуң мен үчүн эң чоң бакыт”,-деген кайрылуулар баланын ден- соолукта өсүүсүнө чоң ийгиликтерге жеткирет. Өзгөчө бир нерсе жасоодо,кыйынчылыктардын кездешүүсүндө.Оройлук,кыйноо, жазалоо баланын кийинки кыйынчылыктарынын көбөйүүсүнө алып келет.
  • Баланын жаңы пайда болгон милдеттерин туура жана так айтып,көрсөтүп берүү керек: сабакта тынч отуруу,башка балдар менен сүйлөшпөө, башка нерселер менен алагды болбоо,кол көтөрүү,түз отуруу,жазганда башты көтөрүп,туура отуруп жазуу. Ата-эне менен мугалим бирге иштесе, бул эрежени бат үйрөтө алышат.
  • Тынч,жөнөкөй жана жеткиликтүү сүйлөшүү мектепте дагы,үйдө дагы эң негизги эреже! Бирок, көбүнчө сакталбай келет.Бала жасай албай жатса дароо үндү бийик чыгарып кыйкырууга болбойт.
  • Бала оюн айтып жатканда аны айтып бүткөнчө кагып салууга шашылбастан чыдамдуулук менен угуп туруу керек. Өзгөчө башкалардын көзүнчө анын катасын айтып,шылдыңдап күлүү балага терс таасирин берет.
  • Балаңызды эч ким менен салыштырбаңыз.Бул кээде өзүн жогору же төмөн баалоого алып келет.
  • Баланын мектепке адаптациясы ата-энеден көбүнчө көз каранды болот, ал эми мектеп администрациясы, мугалим, психолог милдетүү түрдө жардам беришет.

Балаңыздын окуусунда ийгиликтер болсун!