№85 ЖОББМ №85 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Биз жөнүндө

№ 85 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ 2021-2022- окуу жылы

Мектептин аталышы№85 жалпы орто билим берүү мектеби
Мектеп директоруКаракеева Айгүл Жакыпбековна
Дареги  Свердлов району, Бакай-Ата конушу, Бакай Ата көчөсү,  95А
Телефондору480056, 480069
Эл.дарек[email protected], сайт www.85.edubish.kg
Менчиктештирүү формасыМуниципалдык
КурулушуТиптүү; 2005-жылы кирпич менен курулган, темир жабуу менен жабылган
Сыйымдуулугу Сыйымдуулугу– 754 орун, Класс-комплектинин саны – 34

Азыркы учурдагы окуучулардын саны (2021-2022 ) – 823 окуучу, даярдоо классы-40 окуучу

Жылытуу түрүЭлектрдик
Ресурстук база Спорт зал 300кв.м., жыйындар  залы  234 орун, ашкана -60 орун мектепке караштуу жери 12488 кв.м мед.пункт-1 психологдун кабинети-1, соц. педагогдун кабинети-1, ОТИ боюнча орун басары-1, ТИ боюнча орун басары -1
Окуу  кабинеттериКыргыз тили жана адабияты – 3, математика-1, информатика-1, физика-1, химия-1, биология-1, история-1, география-1, орус тили жана адабияты – 2, чет тили -2, башталгыч класстар -8
Техникалык жабдуусуПроектор-1,  интерактивдүү доска-2, интерактивдүү панель-1, телевизор-3
Иштөө режими :5-күндүк, с 8.00 дон 18.30 га чейин, окутуу- 2 смен
Окутуу тиликыргызча, орусча (башталгыч класстар)
Окуу китептери Китептер  – 9138   экз. көркөм китептер – 2000  экз.
Педагогикалык курам 45 мугалим, жогорку билими -38; бакалавр-3, магистр-2, атайын орто  билимдүү-2, Билим берүүнүн мыктысы – 9
Окуучулардын контингенти, класс-комплекти1-4 класстар 398 окуучу, 5-9 класстар-351 окуучу, 10-11 класстар-74 окуучу, 1-11класстар -823 окуучу

класс комплект: 1-4-класстар-16  кл, 5-9-класстар-14 кл, 10-11-класстар-2 кл, 1-11-класстар-32 кл

Социалдык  паспортЖетим -6, жарым жетим -46, толук эмес үй бүлө -87, аз камсыз -32
Билимин жогорулатуу РИПКи ППр при МОиН Кр-5, Креатив Таалим-3
Билим сапаты3 чейректин жыйынтыгы менен билим сапаты -44%, жетишүүсү-100%
Көзөмөлдүн багыттары Административдик кенеш, пед.кеңеш, кичи пед.кеңеш, методикалык кеңеш, укук бузууучулук боюнча профилактикалык иштер, ата-энелер чогулушу, комитеттердин чогулушу, класстык ата-энелер чогулушу, директор алдындагы кенешме, завуч  алдындагы кенешме административдик жана өндүрүштүк кеңешмелер, оперативдүү кенешмелер, метод бирикмелердин кеңешмеси ж.б.
Өзүн-өзү башкаруунун формасыМектеп парламенти, мектеп лидерлери ж.б.
Окутуунун мазмунуБекитилген базисттик окуу планы (Билим берүү стандарты, программалар, жүктөм, календарлык-тематикалык  план, күндөлүк сабактын планы, мектептик компонент: информатика 5 класс, химия 8 класс
Мектептин жетишкендиктери
  • 2020-2021-окуу жылында Райондук олимпиада (химия) – II орун   11-А класс Абдыралиева Канайым;
  • 2020-2021-окуу жылында Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча шаардык көркөм окуу кароо сынагында 6-А класстын окуучусу Эстебесова Салидат I орун (планшет жана диплом менен сыйланды);
  • 2020-2021- окуу жылында 11-класстан “Алтын Тамга” -1 окуучу Абдыралиева Канайым тастыктап, өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болду;
  • 2020-2021-окуу жылында шаардык Манас айтуу боюнча сынакта 5-Б-класстын окуучусу Муктарбеков Атай I орун;
  • Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата шаардык иш чарада ДИПЛОМ менен сыйланды;
  • “Живая классика” Орус тилинде көркөм окуу боюнча 5-Б класс Жанузакова Каныкей, 9-А класс Нуржан кызы Айжамал (грамота);
  • 2019-2020-окуу жылында шаардык “Жаш карек долбоордо “Карылар калк бактысы” аттуу видео-роликте I орун (ноутбук, грамота);
  • Мектеп лидерлери тарабынан “Ыйык Ата Журт” долбооруна катышып, ДИПЛОМ жана спорттук жабдууларга ээ болушкан;
  • 2019-2020-окуу жылында “Спорт-кылмыштуулукка каршы” аттуу темада шаардык сынакта II орун;
  • 2019-2020-окуу жылында Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата өтүлгөн шаардык көркөм айтуу  “Человек жив до тех пор, пока о нем помнят” кароо-сынагында 11-А классынын окуучусу Алмаз кызы Мырзайым I орун;
  • 2018-2019- окуу жылында Бишкек шаарынын 141 жылдыгы, “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”жылына карата райондук эссе жазуудагы сынакта информатика мугалими Амангулов Адилет I орунду ээледи;
  • 2018-2019- окуу жылында “Манастын урпактары-Айтматов ар бир баланын жүрөгүндө”аттуу райондук башталгыч класстар арасындагы кароо-сынакта I орун ээлешти, шаарда 2-орунду камсыз кылды. Мугалими – Муканбетова Айнагүл.
  • 2018-2019- окуу жылында Республикалык “ Сабатту бол”аттуу жат жазуу сынагында кыргыз тили жана адабияты мугалими Орозакунова Нургүл Эмиловна “5” деген баага татыктуу болуп келди;
  • 2017-2018-окуу жылында райондук окуучулар арасындагы “мектеп лигасынан”спорттук түрү боюнча III орун;
  • 2017-2018- окуу жылында “Туура тамактануу” боюнча шаардык сынакта I орун;
  • Мектептеги “Күжүрмөн данк” музейи 2015-2016, 2016-2017-окуу жылдарында шаардык кароого катышып, II-III орундарга ээ болду;
  • “7-республикалык Жоокер ыры” сынагында райондук -1-орун, шаардык – 1-орун, республикалыкта – активдуу катышуучу аталып, сертификатка ээ болду.
Мектептин негизги иштөө концепциясы жана программасыЖалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы:   Мектептин билим берүү системасынын өнүгүшүнүн стратегиялык максаты чыгармачыл, эркин, социалдык жана кесиптик жактан компетенттүү, өзүнө жана айлана-чөйрөсүнө түз көз карашта карап,гармонияда жашай алган , Ата Журтунун маданиятын билген жана сүйгөн, аны мураска ала алган жана көбөйтө билген ,”эмгекчил”,  “үй-бүлөчүл”, “жаран” миссияларын аткара алган инсанды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Мектептин социалдык-педагогикалык миссиясы:  Борбору жарандык –патриоттук тарбия берүү системасы болуп саналган, коомго патриот жаранды тарбиялай алган, Ата Мекенин чындап сүйгөн, боорукер идеялдарды өзүнө синирген жана бузукулук идеяларды четке кагып, аларга туруштук бере алган маданий чыгармачыл –билим берүү системасын түзүү.

Стратегиялык максаты: мугалимдердин билимин жогорулатуунун  үзгүлтүксүз системасын ишке киргизүү менен окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жетишүү

Долбоорлор:Долбоордун жалпы саны: 5                                                                                        

1. №85 жалпы билим берүү орто мектеби “Ага-Хан” фонду тарабынан долбоор менен 2018-жылдын октябрь айынан баштап, иш алып барып келүүдө (сырткы даараткана  толук капиталдык ремонттон өттү).

2.“Инклюзивдүү коомдук мейкиндер”долбоору Бакай- Ата конушун өнуктүрүү боюнча

3. USAID  менен биргеликте“Окуу керемет” долбоору.  Окуу жана математика сабактарын өнуктүрүү боюнча (башталгыч класстар)

4. “Шаардык демилгелер”  фонду менен иш алпарылды.

5. 50+ Бакай Ата жашооочуларына жардам(техниканы өздөштүрүү бонча)

Традиция катары калган кызыктуу иш чаралар– Кузгү бал, Жаңы  жыл майрамы, 23-февраль –Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган иш чаралар, Кыздар күнү, Нооруз – сүмөлөк кайнатуу ж.б.