№85 ЖОББМ №85 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Мектеп

Мектептин курулган жылы: 2004-жыл

Имараттын сыйымдуулугу : 754 окуучуга ылайыкталган, азыркы учурда 858 окуучу билим алат.

Педагогикалык жамааттын саны: 44 мугалим, айкалыштырып иштегени-2

Окутуу тили: кыргыз

Иштөө режими:  1-смен 8:00-13:00, 2-смен 13:00-18:30

Акыркы жолу аккредитациядан өткөн жылы: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын

9-январындагы №13/1 буйругу менен №85 жалпы орто билим берүү мектеби  аккредитациядан  өткөн.

Сертификат № СС180004285, Каттоо номери 2018/0025

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери: 03009200410229

Мектеп 2 кабаттан  турат, 27 окуу кабинети, 264 орундуу жыйындар залы, спорт залы жана 66 орундуу ашкана бар.

Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы:  

Мектептин билим берүү системасынын өнүгүшүнүн стратегиялык максаты чыгармачыл,эркин,социалдык жана кесиптик жактан компетенттүү, өзүнө жана айлана-чөйрөсүнө түз көз карашта карап,гармонияда жашай алган, Ата- Журтунун маданиятын билген жана   сүйгөн, аны мураска ала алган жана көбөйтө билген ,”эмгекчил”,  үй-бүлөчүл”, “жаран” миссияларын аткара алган инсанды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Мектептеги иштин максаты: заманбап коомдо ийгиликтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, чыгармачыл инсанды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү.

Мектептин негизги усулдук  темасы: “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен инсандыкка тарбиялоо аркылуу кесипке багыт берүү”

Жетишкендиктер:

  • 2020-2021-окуу жылында Райондук олимпиада (химия) – II орун   11-А класс Абдыралиева Канайым;
  • 2020-2021-окуу жылында Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча шаардык көркөм окуу кароо сынагында 6-А класстын окуучусу Эстебесова Салидат I орун (планшет жана диплом менен сыйланды);
  • 2020-2021- окуу жылында 11-класстан “Алтын Тамга” -1 окуучу Абдыралиева Канайым тастыктап, өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болду;
  • 2020-2021-окуу жылында шаардык Манас айтуу боюнча сынакта 5-Б-класстын окуучусу Муктарбеков Атай I орун;
  • Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата шаардык иш чарада ДИПЛОМ менен сыйланды;
  • “Живая классика” Орус тилинде көркөм окуу боюнча 5-Б класс Жанузакова Каныкей, 9-А класс Нуржан кызы Айжамал (грамота);
  • 2019-2020-окуу жылында шаардык “Жаш карек долбоордо “Карылар калк бактысы” аттуу видео-роликте I орун (ноутбук, грамота);
  • Мектеп лидерлери тарабынан “Ыйык Ата Журт” долбооруна катышып, ДИПЛОМ жана спорттук жабдууларга ээ болушкан;
  • 2019-2020-окуу жылында “Спорт-кылмыштуулукка каршы” аттуу темада шаардык сынакта II орун;
  • 2019-2020-окуу жылында Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата өтүлгөн шаардык көркөм айтуу  “Человек жив до тех пор, пока о нем помнят” кароо-сынагында 11-А классынын окуучусу Алмаз кызы Мырзайым I орун;
  • 2018-2019- окуу жылында Бишкек шаарынын 141 жылдыгы, “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”жылына карата райондук эссе жазуудагы сынакта информатика мугалими Амангулов Адилет I орунду ээледи;
  • 2018-2019- окуу жылында “Манастын урпактары-Айтматов ар бир баланын жүрөгүндө”аттуу райондук башталгыч класстар арасындагы кароо-сынакта I орун ээлешти, шаарда 2-орунду камсыз кылды. Мугалими – Муканбетова Айнагүл.
  • 2018-2019- окуу жылында Республикалык “ Сабатту бол”аттуу жат жазуу сынагында кыргыз тили жана адабияты мугалими Орозакунова Нургүл Эмиловна “5” деген баага татыктуу болуп келди;
  • 2017-2018-окуу жылында райондук окуучулар арасындагы “мектеп лигасынан”спорттук түрү боюнча III орун;
  • 2017-2018- окуу жылында “Туура тамактануу” боюнча шаардык сынакта I орун;
  • Мектептеги “Күжүрмөн данк” музейи 2015-2016, 2016-2017-окуу жылдарында шаардык кароого катышып, II-III орундарга ээ болду;

Улуу Жеңиштин  урматына карата Бакай -Ата конушунун жашоочулары менен биргеликте “Өлбөс полк” жүрүшүн уюштурулду. Жүрүшкө 350 окуучу 30 чакты ата-эне,  40 мугалим катышты.