СОШ №85 СРЕДНЯЯ ОБЩЕОБРАЗОВАТЕЛЬНАЯ ШКОЛА №85

Методическая служба

№85  Жалпы билим берүү орто мектебинин 2017-2022-жылдар үчүн негизги усулдук темасы:

«Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен инсандыкка тарбиялоо аркылуу кесипке багыт берүү»

Усулдук иш

Усулдук иш  – мугалимдердин ѳзүнүн илимий-теоретикалык, усулдук даярдыгын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча  систематикалуу жана ѳз алдынча ишмердүүлүгү жана педагогдордун кесиптик чеберчилигин бардык жактан жогорулатууга багытталган усулдук иш-чаралардын системасы болуп эсептелинет.

“Билим кени-китеп, тарбия кени-мектеп”

         Биздин №85 ЖББОМде табигый жана так илимдер бирикмесинде декада болуп жаткандыктан физика жана информатика сабагынан бирдиктүү түрдө 8 класстардын ортосунда “Акыл таймаш” Интеллектуалдык марафон оюну болуп өттү.Таанып билүүнүн алгачкы элементи бул-кызыгуу.Окуучуларды физика, информатика сабагына кызыктыруусунун натыйжалуу жолу болуп стандарттык эмес сабак эсептелет.Мындай сабактарды өтүүдө, окуучулардын өз алдынчалуугун, ойлоо жөндөмдүүлүгүн,сабактын эффективдүүлүгүн физика, информатика сабагы боюнча билим сапатын жогорулатууга жардам берет.Мында оюн 3 тур менен өттү.

1-тур: 4 сүрөт 1 сөз

2-тур: Предметтик суроолор (физика, информатика)

3- тур: Логикалык суроолор

Бул таймаштын жыйынтыгында:

1-орун  8-В класс “Еврика” командасы

2-орун  8-А класс  “МИФ” командасы

3-орун  8-Б класс   “Архимед” командасы

Табигый жана так илимдер бирикмесинин декадасынын жабылышында катышкан командаларга жетишкен орундары боюнча громаталар тапшырылат.

Методическая службаМетодическая службаМетодическая службаМетодическая служба