Көркөм өнөр, музыка жана дене тарбия бирикмесинин декадасы
№85 ЖОББМде көркөм өнөр, музыка жана дене тарбия бирикмесинин декадасынын ачылышы болуп өттү. Ачылышка 3-5-9-10-класстарынын окуучулары жигердүү катышышты, окуучулар Ж.Шералиевдин чыгармаларынан хор ырдашты, комузчулар “Чайкама” күүсүн жеткиликтүү деңгээлде аткарышты, көркөм өнөр, сүрөт сабагынан сүрөт көргөзмөсүн жана өз колдору менен тиккен кийимдерин көргөзүштү ал эми дене тарбия сабагынан балдар спорттук чеберчиликтерин тартуулашты. Декаданы мектеп директору А.Ж. Каракеева жыйынтыктады. Декада 1-марттан 20-мартка чейин өткөрүлөт. Бирикмеде жалпы беш мугалим эмгектенет. 1-марттан 20-мартка чейинки аралыкта онлайн жана офлайн ачык сабактар өткөрүлөт. 18-мартта декаданын жабылышы болот.
Комментарии