“Нооруз” майрамы
Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты “жыл ажыраш” деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды:
Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас – деп аласташкан.
№ 85Жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Кенжебек кызы Айша 21-март Нооруз майрамына карата тарбиялык ачык саат өттү. Калган бардык класстарда тарбиялык сааттар өтүлдү.
Тарбиялык саатта Нооруз майрамы жонундо кыскача тушундурду жана Нооруздун корку “Сүмөлөк”дегендей сүмөлөк жөнүндө да айтылды. Окуучулар даярдаган ыр,бийлерин тартуулашты.
Комментарии