“Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгы
Бишкек шаарынын №85 жалпы орто билим берүү мектебинде 2021-2022-окуу жылынын 8-февралынан 13-февралына чейин “Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы” болуп өттү. Аталган жумалыкты откөрүү үчүн иш план түзүлүп, бекиттирилди.
Алгач, “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгынын ачылышы болуп, иш пландар менен тааныштырылды. Технология, информатика, физика, география мугалимдери менен бирдикте класстар аралык сынак, көргөзмөлөр, ачык сабактар өткөрүлдү. ”Жакшы” деп табылган окуучулардын эмгектери атайын уюшулган көргөзмөгө коюлду.
География сабагынан 11-Б класстын окуучулары дүйнөнүн саясий картасын пенопласт менен ДВПга жарык берүү лампасын туташтырып жасашкан.
9-А класстын окуучусу Кыргызстандын энергетикалык ресурстардын картасын фанерага түшүрүп, дампа менен жарык берген.
8-А класстын окуучулары Кыргызстандын аймагын райондоштурууну темасында ДСП тактайына мык менен чектеп алып, түсүн ар кандай жиптер менен чырмап чыгышкан.
Андан сырткары, 8-В класстын окуучусу пластмассалык бөтөлкөлөрдөн физика сабагына байланышкан фонтанды жазаса, 11-Б класстын окуучусу жөнөкөй крандаштан паяльник жасаган. Кыргыз тили, адабияты мугалимдери дагы четте калбай, 9-11-класстардан “Илим жана экономика балдардын тили менен” аттуу темада дил баян алынды. Мыкты жазган окуучулар бааланып, грамота менен сыйланышты.
Пандемия учурунда үй шартында колдонулуучу антисептикти чачуу технологиясын 10-А класстын окуучусу Бакытбек уулу Кубаныч жасап келсе, 9-А класстын окуучусу Изатова Айпери эрежеге ылайык колду жуу эрежеси 20 секундга чейин жүргүзүлөөрүн айтып, 20 секунд жарык айланып туруучу аппараты ойлоп тапкан.
Ошондой эле информатика сабагынан ноутбуктун формасынын түзулүшүнүн макетин ар кандай материалдан жасап келишсе, технология сабагынан окуучулар комузду, гитараны жана башка буюмдардын макеттерин кызыгуу менен көптөгөн окуучулар жасап келишкен.
Ошондой эле 9,11-АБ классынын окуучулары “Илим жана техника” аттуу теманын алкагында презентация, видео-слайддарды даярдашкан.
“Эң мыкты”деп табылган эмгектердин ээлерине мектеп тарабынан грамота тапшырылды.
Комментарии