№ 85 орто билим берүү мектебинде англис тил сабагын 3-класстан 11-класска чейинки окуучулар окуп, үйрөнүп келишет. Мектепте англис тили сабагынан 3 мугалим сабак берип эмгектенет. Мугалимдер англис тили жумалыгын кубануу менен кабыл алып жакшы өткөрүп алынды.
“English global language” аталышта дубал гезиттердин жана сүрөтттөрдүн өткөрүлду. 5-7- класстын окуучулары тарабынан тартылган дубал гезиттер жана сүрөттөр илинип жарыяланды.
“Russian state holiday” аттуу темада 9-а классына ачык сабак өтүлүп, сабак бышыктоо, жалпылоо сабагы болду. Окуучулар эки группага бөлүнүп активдүү катышышты. Сабакта орус элинин улуттук майрамдары, Улуу Британиянын майрамдарынын окшоштуктарын, айырмачылыктарын айтып жазып, айтып беришти. Окуучуларга сабак кенен, ачык, кызыктуу түшүндүрүлүп берилди. Сабак интерактивдүү метод менен өткөрүлдү.
Поэзия күнү откөрүлду. Окуучулар англис тилинде ырларды жаттап келип айтып беришти.
“She likes dancing” аттуу темада 4-а классына ачык сабак өткөрүлдү. Сабак интерактивдүү усулдун жардамы менен кызыктуу өткөрүлдү. Окуучулар ативдүү катышышты.
“My future hopes and plans” аттуу темада ачык сабак болуп өттү. Мектептин 6-б классынын окуучуларына откөрүлдү. Сабак окуучулар эки командага бөлүнүү менен суроо жооп ирээтинде болуп өттү. Интерактивдүү усулду колдонуу менен сабак кызыктуу өттү. Окуучулар кызыгуу менен сабакка катышышты.
Англис тил жумалыгынын жабылыш аземи өткөрүлдү. Окуучулар арасында таланттуу окуучулар тандалып, алар англис тилинде ыр ырдашты, бийлерди бийлеп өнөрлөрлөрүн көргөзүштү. Окуучулардын арасынан англис тилинде көркөм окуу боюнча ырлады айтып беришти. Жабылыш аземи 3-класстан 11- класска чейинки окуучулар тарабынан өткөрүлдү. Жумалыктын жабылыш аземинде активдүү катышкан окуучуларга грамоталар тапшырылды.
Комментарии