СОШ №85 СРЕДНЯЯ ОБЩЕОБРАЗОВАТЕЛЬНАЯ ШКОЛА №85

О приеме в школу

2022-2023 – окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү  графикке ылайык жүргүзүлөт:

Юридикалык жашаган жери боюнча

11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин

Чыныгы жашаган жери боюнча.

27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-сентябрь саат 10:00гө чейин

 каттодон өтүңүз

Арыз берген ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!

 2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:

  • ата-эненин паспорту;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • жеке идентификациялык номер (ЖИН – ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.

Ата – эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1-августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке окуучунун  тастыктоочу документтерин берүүгө милдеттүү:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн  көчүрмөсү;
  • ата-эненин,мыйзамдуу өкүлүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү же тиешелүү документтери;
  • форма 63,форма 26 түп нускадагы мед справкалары;
  • сүрөт 3*4 форматта 4 даана;
  • Омс көчүрмөсү;

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

  • аскер кызматчыларынын балдары;
  • бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары;
  • кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар;

1 – августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт.