7-апрель Элдик Революция күнү
7-Апрель – Элдик революция күнү. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя.
2010-жылдагы апрель окуясына быйыл туура 11 жыл болду. Бул дата Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары тарыхта калды.
Дал ошол 7-апрель күнү Бакиевдин режимине каршы болгон миңдеген адам борбордук аянтка келишкен. Өкмөттүк күчтөр тарабынан атылган октон 87 адам мерт кетип, дагы жүздөгөн адам жаракат алган.
Ушул күнү өкмөт мүчөлөрү, каза болгондордун жакындары жана окуянын катышуучулары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып курман болгондордун элесине арнап куран окушат.
№85 ЖОББМнин башталгыч классынын мугалимдери Муканбетова Айнагүл 3-А , Джаманкулова Жылдыз 3-В классынын окуучуларына 7-апрель Элдик Революция күнүнө карата эскерүү иретинде ачык тарбиялык сааттарды мыкты деңгээлде өтүштү.Окуучуларга жогорудагы маалыматтарды түшүнүктүү кылып тааныштырышып, балдарга мекенди сүйүү, эли-жерин коргоого жана кыргыз эли үчүн ар дайым кызмат кылууга чакырышты.
Комментарии