5-март Ак калпак күнү
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
№85 ЖОББМде 5-март Ак калпак күнүнө карата тарбиялык сааттар жана иш чаралар өткөрүлдү. Иш чарага 1,5,9,11-класстардын окуучулары активдүү катышышты. Ак калпакчан окуучулар мугалимдерди тосуп алышты. Спорт залда ( аркан тартыш,ордо) улуттук оюндары ойнотулду. Ошондой эле 5,9-класстын окуучулары катышкан чакан концерттик номерлер көрсөтүлдү.
Комментарии