3-МАРТ, КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИНИН КАБЫЛ АЛЫНГАН КҮНҮ.
Бүгүн, 3-март, Кыргызстандын Мамлекеттик желегинин кабыл алынган күнү. 1992-жылы дал ушул күнү Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясында Мамлекеттик желек кабыл алынып, 5-март күнү Өкмөт үйүнүн төбөсүндө салтанаттуу түрдө көтөрүлгөн.
Кыргызстандын Желеги өңчөй кызыл кездемеден жасалып, ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түспөл күндүн, анын ичине – кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. Желектин өңчөй кызыл түстө болушу каармандыкты жана чечкиндүүлүктү символдоштурат, нурлары тегиз чачыраган алтын түстөгү Күн тынччылыкты жана байлыкты элестетет, ал эми түндүк –кыйла кеңири мааниде ата-бабанын үйүнүн жана бүтүндөй аалам катары дүйнөнүн символу. Айланага бириктирилген 40 нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга биригишин билдерет. Түндүк өлкөдө жашаган элдердин биримдигин символдоштурат. Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер: мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн.
Желектин авторлору – Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков. С.Иптаров, Ж Матаев, М.Сыдыков.
Бүгүн 3-март Туу күнүнө карата №85 ЖОББМде салтанаттуу линейка менен башталып,гимн ырдалып,желек көтөрүлдү . Линейкада Кыргыз мамлекетинин Туусу жөнүндө жалпы 1-класстарга, 9- 11-класстарынын окуучуларына маалымат берилди. Калган окуучуларга онлайн тарбиялык сааттар өтүлдү.
Комментарии