№85 ЖОББМ №85 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИ

Дистанттык окутууну кантип туура уюштурса болот?

Дистанттык окутууну кантип туура уюштурса болот?

Балдар үчүн аралыктан окутууну уюштуруу боюнча мектептен алган сунуштарды түшүнүүгө аракет кылыңыз. Класс жетекчиден жана мектеп администрациясынан алган расмий маалыматка гана көңүл буруңуз. Бул процессти уюштуруу үчүн мектепке дагы убакыт керек. Учурда ата-энелерге да, мугалимдерге да аралыктан окутуу боюнча бир катар ресурстар бар.

1.Баланан күн тартибин уюштуруңуз.

Бала өз алдынча окууга каалоосу менен отурушу керек. Бул үчүн ал уйкусун кандырышы керек. Ойгонуу үчүн идеалдуу саат 8:00–8.30. Бул учурда, баланын уйкусу канып калат, бирок төшөктөн такыр чыккысы келбеген деңгээлге жеткирбешиңиз керек. Эртең мененки тамактанууга жана эртең мененки жуунуп-таранууга дагы бир саат кошуп, 9:30 чейин бал үйдөгү партага отуруп калууга тийиш.

  1. Баланын кийимин алмаштырыңыз

Тийиштүү кийим жумушчу маанайды түзүүгө жардам берет. Эгерде бала эртеден кечке үйдө пижама менен жүрсө, анда анын маанайы уктай берет. Ал өз күчтөрүн мобилизациялай албайт, анткени ал жайбаракат абалда болот жана сабактарга көңүл топтой албай калат. Эртең менен, баланын кийимин ыңгайлуу, бирок кооз кийимдерге алмаштыра бериңиз, анткени  мугалим да, классташтары да каалаган убакта аны менен видеочакырык аркылуу баарлашууга чыгып калышы мүмкүн.

  1. Бөлүнгөн убакыттан ашык машыктырбаңыз

Карантин мезгилинде балдарга берилген окуу планына ылайык, күнүнө белгилүү бир предметтер боюнча белгилүү бир көлөмдө тапшырмалар бар. Алар мектепте берилгенден ашпайт жана бала компетенттүү уюштуруунун жардамы менен аны мектептеги сабактан тезирээк аткара алат, анткени ал классташтарына алаксыбайт, мугалим бардык классташтарынын үй тапшырмаларын текшерген учурга да убактысы кетпейт.

Ар бир сабакка эң көп дегенде 40 мүнөт убакыт берип, ар бир сабактын ортосунда 20 мүнөттүк убакыт калтырыңыз. Эгерде бала бөлүнгөн убакытка тапшырмаларын аткарып жетишпесе, анда анын “түшкү тамактан кийинкиге”  калтырыңыз. Ата-энелер тарабынан олуттуу мамиле жасоо менен, баланын өзүн кантип уюштурууну үйрөнүшү үчүн, ага бир жума жетиштүү, андыктан андан кийин сиз окуучунун сабакта отурган убактысын көзөмөлдөбөйсүз.

Өз алдынча билим алууга болгон каалоону басаңдатпоо үчүн, балдарга ашыкча тапшырмаларды жүктөбөңүз. Окуу процесси туура уюштурулган учурда, кенже класстын окуучулары үчүн сабактын убактысы күнүнө үч сааттан (тыныгуудан тышкары), орто жана жогорку класстар үчүн беш сааттан ашпашы керек.

  1. “Класстан тышкаркы” тапшырмаларды бериңиз

Эгерде үйдө окуу туура уюштурулган болсо, анда ал күндүн биринчи жарымында гана болот. Бала түштөн кийин гаджетте отуруп калбашы үчүн (ийримдер жана секциялар дагы иштебейт), ага күн сайын кызыктуу кошумча тапшырма бериңиз. Мисалы, сабактан тышкары, күн сайын ал кандайдыр бир  кызыктуу тапшырмаларды аткарат, бул үчүн ал сөзсүз түрдө сыйланышы керек (бул айрыкча кенже класстын окуучулары үчүн эң жакшы ыкма).

Баланы Кыргызстандагы көлдөр жөнүндө видеотасманы көрүүгө чакырып, андан соң ал көлдөрдү белгилеп, алар жөнүндө айтып берсин, аларга кайсы дарыялар агып жаткандыгын жана аларда кандай балыктар жашай тургандыгын көрсөтүп, долбоор жазып берсин. Кийинки күндү бүгүнкү күндө коруктарда жашаган жаныбарларга арнаса болот. Андан кийин ал Кыргызстандагы пайдалуу кендердин картасын түзсүн же англис тилинде сүйүктүү жаныбарлардын тизмесин түзүп, алардын ар биринин жанына кичинекей түстүү сүрөт тарта берсин. Мындай чыгармачылык иш-аракеттер мектеп окуучуларын кызыктырат, айрыкча, аларды кандай сыйлык күтүп жатканы билишсе. Кошумча окууга болгон мотивациясын жогорулатуу үчүн, алар өзүлөрүнүн долбоорлорун класстын жалпы чатына же мугалимге жөнөтө тургандыгына макулдашыңыз.